Бугу 17, 2024
Убакыт: 21:29
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Башка өлкөлөр коронавирусту элди үйдө кармоо менен жеңип жатат

20.03.2020 12:55
782
Башка өлкөлөр коронавирусту элди үйдө кармоо менен жеңип жатат


Кыраакы кыргыз элим - арыбаңыздар. Бүгүн жер энебиз адам жанды бир силкип коеюн деген окшойт, баарыбыз чоң сыноонун алдында турабыз. Бул вирусту жеңип, ооругандар азаюуга барган мамлекеттин тажрыйбасын карасак - алар, адамдарды үйлөрүнө камап, эч жакка чыкпа деп - жеңип келатат.


Бир жагынан - кыргызга бул жукпайт, деп позитивдүү маанайда болуу - жакшы көрүнүш, бирок, карантин эрежелерин сактоо менен болушу керек. Азыр эле айылга, апама телефон чалып, үйдөн чыкпа, башкаларга дагы ушул нерсени телефон аркылуу жайылт, деп тапшырма бердим. Ар бир атуул, өз парзын туура аткарса, вирус жайылбай, ооруп калгандарды врачтар сакайтып алганга көөбүрөк мүмкүнчүлүк болот. Эпидемия бат тараса, врачтардын дагы, жабдыктардын дагы, дарынын дагы чамасы жетпей калат. Ошондуктан, эң биринчи эреже - башка эл менен контактты токтоту.


Биздин иш жөнүндө айта кетсем, бүгүнкү күнгө 17 лицейдин жатаканасына обсервация дайындалды, сырттан келген жарандарыбыз жаткырылып дыкаат текшерилип, анализдери таза чыккандар үйлөрүнө жиберилип жатат. Тазалыкты сактоо менен кызматкерлерибиз алектенип атышат. Баардык лицейлерде нөөмөт графиги түзүлгөн, ошону менен ишти токтотпой келатабыз. Баарыбызга аман-эсен болууну каалайм.


Рита Карасартова,  Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн