Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткен облусунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды

16.06.2021 16:59
1765
Баткен облусунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды


Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Алга айыл аймагындагы Жаңы-Чек айылында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 158-чакырымында жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу "103" кызматынан маалымат түшкөн. Маалым болгондой, ВМВ үлгүсүндөгү жеңил унаанын дөңгөлөгү жарылып жолдон чыгып кеткен.


Унаанын ичинде төрт эркек киши болгон, бирөө жеринде каза болгон. Жабыркаган эки адам Кадамжай аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.


"Каза болгон 43 жаштагы Ф.О. аттуу адам Өзбекстандын жараны. Маркумду куткаруучулар милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен",- деп айтылат билдирүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн