Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров резиденциясы Москва шаарында жайгашкан Словениянын Кыргызстандагы элчиси Аленки Сухадолниктин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.
Ведомстводон маалымдашкандай, Абакиров элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого багытталган ишмердүүлүгүнүн ийгиликтүү болушун каалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-словен кызматташтыгынын келечектүү багыттары боюнча пикир алмашуу болду.
Тараптар саясий диалогду тереңдетүүгө, соода-экономикалык жана инвестициялык байланышты жандандырууга өз ара кызыгуусун билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда кызматташууну мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө өз ара даяр экендиктерин ырасташты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн