Баш оона 25, 2025
Убакыт: 07:32
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Баткен районунда жүргөн селдин кесепети эсептелди

13.07.2021 14:43
1518
Баткен районунда жүргөн селдин кесепети эсептелди

Баткен районунун Согмент, Газ жана Күртөң айылдарын сел каптады. Бул тууралуу “7-канал" билдирди.


Анын айтымында, сел кечээ 12-июлда кечки саат 19:00дөр чамасында болгон. Суу 11ден ашуун турак жайды каптап, 20дан ашык короодогу эгин талааларын жууп, огороддор менен унаа өтүүчү жолдор шагыл таштарга толуп калган. Ошондой эле 5 жандыкты суу агызып кеткен. Жалпы чыгым 27 миллион сомду түздү. Учурда Ош облусунан атайын техникалар келип тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө.


7 үй коопту деп табылып, ал үйлөрдө жашагандарга атайын чатырлар тигилди. Ал эми Кыштут айыл аймагына өзгөчө кыдаал режими киргизилип, 5 чакырымдан ашык жол жараксыз.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн