Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:35
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Баткенде жеңил автоунаа жол тазалап жаткан унааны сүзүп, бир аял көз жумду

Баткенде жеңил автоунаа жол тазалап жаткан унааны сүзүп, бир аял көз жумду


Ош — Баткен — Раззаков жолунун Рават участогунда жеңил автоунаа жолго туз, кум сээп жаткан унааны сүзүп, бир аял көз жумду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен кабарлашты.


Билдирмеге караганда, кырсык 20-февралда катталган.


"Кыргыз автожол" ишканасынын Isuzu үлгүсүндөгү унаасы тайгактан улам жолго туз, кум сээп жаткан учурда Chevrolet үлгүсүндөгү жеңил автоунаа катуу ылдамдык менен артынан келип сүзгөн. Жеңил автокөлүктө Өзбекстандын номери тагылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочусу уктап кеткен. Кырсыктан жүргүнчү аялдардын бири көз жумду", — деп жазылат кабарда.


"Кыргыз автожол" ишканасынын Баткендеги филиалынын директору Авазбек Мамаюнус уулу жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери арасында жабыркагандар жок экенин айтты.


Министрлик айдоочуларды өзгөчө аба ырайы бузулуп кар жааганда жолдо этият болууга, эс алып, уктап алып жолго чыгууга чакырды. Тоолуу район жана ашуулардан өткөн айдоочуларды күрөк, дөңгөлөккө тагылчу чынжырларды ала жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого жана кар тазалоочу техниканын ишине тоскоолдук жаратпоого чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн