Баш оона 07, 2025
Убакыт: 18:39
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.095
1.125

Бир катар товарларга акциздик салыкты акырындан көтөрүү сунушталды

Бир катар товарларга акциздик салыкты акырындан көтөрүү сунушталды


Экономика министрлиги бир катар товарга акциздик салыкты акырындан көтөрүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. 


Ага ылайык, 2029-жылдын башына чейин бозо, максым жана жарма үчүн акциздик салык алынбайт. 


Жаңы салык саясаты боюнча: 

- 2026-жылдан тартып кант кошулган газдалган жана даам берилген суусундуктар үчүн акциз литрине 3 сомдон 4 сомго, 2027-жылы 5 сомго көтөрүлөт; 

- энергетикалык суусундуктар боюнча акциз 6 сомдон 2026-жылы 8 сом, 2027-жылы 10 сом, 2028-жылы 12 сом, 2029-жылы 15 сом болот. 


Документте белгиленгендей, бул чаралар бюджетке киреше тартуу менен катар калкты зыяндуу суусундуктарды колдонуудан баш тартуусун шарттайт. 


Ошондой эле демилгечилер айрым импортерлор суусундуктарды "балдар тамагы" катары каттатып, акцизден качканын аныктаган. Мындан улам аларды акцизден бошотуу жана маркалоо талаптарын жокко чыгаруу сунушталып жатат. 


Мындан тышкары, алкоголдук суусундуктарга дагы акциздик салыктарды көтөрүү мерчемделген. 


Буга утурлай эле 1-январдан тартып күйүүчү майларга акцизди көтөрүү сунушталды. Ага ылайык, ставка төмөнкүдөй: 

- бензинге — тоннасына 5 миң сомдон 7 миң сомго; 

- дизелдик майга — 400 сомдон 2 миң сомго; 


Министрлик 10 жылдан бери күйүүчү майга болгон акциз салыгы өзгөртүлбөгөнүн, ошол эле учурда анын чекене баасы эки эсеге жогорулаганын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн