Бугу 14, 2024
Убакыт: 08:08
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бишкек – Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, 4 адам жабыркады

Бишкек – Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, 4 адам жабыркады


Бишкек – Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаадан өрт чыгып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунда Бишкек – Ош унаа жолунун болжол менен 100-101-чакырымында күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Кырсык катталган аймакка өрттү өчүрүүгө саат 14:29да Кара-Балта шаардык №22 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 14:38де авариялык куткаруу унаасы менен 3 куткаруучу жана ИИМден 1 экипаж жөнөтүлгөн. Өрт саат 15:40та толук өчүрүлгөн.

Тилекке каршы, тилсиз жоонун кесепетинен 4 адам жабыркап, “Тез жардам” кызматы аркылуу Жайыл райондук ооруканага жеткирилген. Ошондой эле "Мерседес-Бенц" жана "Хонда-СРВ" жеңил унаалары күйгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн