Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте 2024-жылдын башында дагы бир балдар ооруканасы пайдаланууга берилет

14.12.2023 12:13
194
Бишкекте 2024-жылдын башында дагы бир балдар ооруканасы пайдаланууга берилет


Бишкекте 2024-жылдын башында Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын имаратында дагы бир балдар поликлиникасы ачылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медер Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда имаратта оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

"Оорукананы 2024-жылдын башында пайдаланууга берүү пландалууда", - деди ал.

Белгилей кетсек, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу максатында октябрдан тарта Бишкек шаарында кошумча 4 балдар поликлиникалык бөлүмдөрү уюштурулду. Ошто балдарды кабыл алуу үчүн Ош облустар аралык бириккен балдар ооруканасынын клинико-диагностикалык бөлүмүн кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн