Аяк оона 22, 2025
Убакыт: 17:50
USD
87.30
87.80
EUR
102.10
103.10
RUB
1.040
1.075

Бишкекте 40 кабаттуу “Хан-Теңири” комплексинин курулушу башталды

22.09.2025 16:04
22
Бишкекте 40 кабаттуу “Хан-Теңири” комплексинин курулушу башталды


Бүгүн Бишкек шаарынын түштүк тарабында көп тармактуу “Хан-Теңири” комплексинин курулушуна капсула салынды.


Анда жердин аянты болжол менен 18,8 миң чарчы метрди түзүп, ал эми курулуштун жалпы аянты 197 миң чарчы метрди түзөт. Ошондой эле курулуш тыгыздыгынын коэффициенти 8,51ге барабар.


Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин айтымында, бул долбоор борбор калааны өнүктүрүүдөгү жаңы кадам болот.


“Биз келечекке чоң кадам таштап жатабыз. Бул жерде 40 кабаттуу мунара, дээрлик 900 батирлүү 28 кабаттуу эки турак үй, он миңдеген чарчы метр аянтты камтыган заманбап соода борбору, ыңгайлуу унаа токтотуучу жайлар курулат. Белгилүү болгондой, президент Садыр Жапаров инвесторлор үчүн бардык шарттарды түзүүдө. Акыркы үч жылда өлкөдө чоң өзгөрүүлөр болууда”,-деди ал.


Башкы планга ылайык, комплекс эки кабаттуу коммерциялык блоктун үстүндө жайгашкан жалпы вестибюль аркылуу бириккен үч турак жай мунарасынан турат. Соода комплекси тегерекче сыяктуу болуп курулуп, анын ортосунда чоң ачык аянтча (атриум) болот.


Имараттын аймагына чыгыш жана батыш тараптардан чыгууга болот. Унаалардын көпчүлүгү жер алдындагы токтотуучу аянттарга кирип, ошондой эле жер үстүндө дагы убактылуу токтотуучу жайлар болот. Комплекстин чатырында борбордук бөлүгү 150 метрге, капталдары 100 метрге чейин жеткен жашыл бакчалар орнотулат.


Андан сырткары, долбоордун жайгашкан жери да ыңгайлуу экени белгиленет. Түндүгүнөн комплекс Абсамат Масалиев проспектисине, чыгышынан Токтоналиев көчөсүнө жанаша жайгашат. Батыш тарабынан болсо жаңы кире бериш жолдун курулушу пландалган. Андан сырткары бир чакырым радиуста төрт парк жана ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана Башкы прокуратурасынын имараттары жайгашкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн