Бугу 05, 2024
Убакыт: 21:34
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте Элмирбек Иманалиевди эскерүү концерти өтөт

08.01.2024 10:03
1759
Бишкекте Элмирбек Иманалиевди эскерүү концерти өтөт


"Айтыш" коомдук фонду күйөрмандарды КРдин эл артисти Элмирбек Иманалиевди эскерүү концертине чакырды.


Иш-чара акындын туулган күнүндө — 17-январда саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот.


Анда Иманалиев түптөп кеткен "Төкмө келсе төр бошот" долбоорунун алкагында концерт тартууланмакчы.


Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. Ал көп кырдуу талант эле. Төкмө акын, жазма акын, обончу, аткаруучу, дастанчы, манасчы болгон. 2020-жылы 20-апрелде оорудан улам 42 жашында көз жумган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн