Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө-өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны өтүүдө.
Жыйындын катышуучулары:
- Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов;
- Азербайжан президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Рамиль Усубов;
- Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы, президенттин жардамчысы Гизат Нурдаулетов;
- Түркиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин башкы катчысы Окай Место;
- Өзбекстандын президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов;
- ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев.
Жыйында тараптар коопсуздук тармагындагы учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашат.
Жыйын жабык форматта өтүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн