Теке 27, 2024
Убакыт: 16:05
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

Бишкекте дагы бир бейтапка боор алмашыруу операциясы жасалууда

11.06.2024 11:31
132
Бишкекте дагы бир бейтапка боор алмашыруу операциясы жасалууда


Бишкекте дагы бир бейтапка боор алмашыруу операциясы жасалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.

Операция Кыргыз-түрк достугу ооруканасында өтүп жатат. Кыргызстандык дарыгерлерге түркиялык адистер көмөктөшүүдө.

Белгилей кетсек, күн мурун Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктаган. 9 саатка созулган операциядан кийин бейтаптын жана донордун абалы туруктуу.

"Операциянын жыйынтыгы биз үчүн канааттандырарлык болду, донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады, бул бейтаптын андан ары сакайып кетиши үчүн жакшы жышаан", - деп билдирген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Операцияга кеткен чыгымдар президенттин фондунан каржыланып, ооруканага керектүү каражаттарды жана жабдууларды сатып алууга 1 млн доллар бөлүнгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн