Теке 21, 2025
Убакыт: 19:54
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.105
1.130

Бишкекте дагы бир жаңы жол пайда болот

21.07.2025 14:17
19
Бишкекте дагы бир жаңы жол пайда болот


Бишкекте ЖЭБдин жанында жаңы жол пайда болот.


Муниципалитеттен билдиришкендей, жолдун жалпы узундугу 800 метрди, туурасы 8 метрди түзөт. Жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн жолдун бир тарабына туурасы 2 метрден ашкан тротуар курулат.


Калаа башчысы Айбек Жунушалиев курулушу пландалган участок менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берди.


Тиешелүү иштерди жүргүзүү Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына тапшырылды.


Жунушалиев жол боюна унаа токтотуучу жайларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырып, жолду курууга бардык даярдык иштерин баштоо милдетин койду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн