Бугу 01, 2024
Убакыт: 08:48
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы өтөт

18.04.2024 08:58
449
Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы өтөт


Бишкекте 23-26-апрель күндөрү “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалы өтөт. Көрүүчүлөрдун назарына КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн мыкты тасмалары тартууланмакчы. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Иш-чара быйыл 12-ирет өткөрүлүүдө. Ал Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл артисти, жогорку категориядагы анимациялык фильмдердин режиссеру Сагынбек Ишеновдун 90 жылдыгына арналат. 

Быйыл эл аралык сынакка дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн тандалып алынган 12 тасма катышат. 

Фестиваль эки конкурстук программаны камтыйт: эл аралык жана улуттук.

Көрүүчүлөрдүн назарына:

  • көркөм
  • документалдык
  • анимациялык 
  • ксперименталдык кыска метраждуу тасмалар тартууланат.

Улуттук сынакта кыргыз режиссерлору жараткан 13 мыкты кыска метраждуу тасма көрсөтүлөт. 

“Фестиваль кыргызстандыктардын гана эмес, коңшу өлкөлөрдүн кино сүйүүчүлөрүнүн да көңүлүн бурууга жетишти. Анын дагы бир маанилүү милдети — КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөө, кинодолбоорлордун алкагында кызматташтыкты арттырууга өбөлгө түзөт”, – деп белгиленет министрликтин маалыматында. 

Кинофестиваль Кинематография департаментинин, КМШ өлкөлөрүнүн Эл аралык гуманитардык кызматташтык фондунун, "Айтыш" коомдук фондунун, "Кыргызтасмасы" мамлекеттик киноборборунун колдоосу менен өткөрүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн