Баш оона 25, 2025
Убакыт: 11:57
USD
87.10
87.60
EUR
101.70
102.70
RUB
1.070
1.100

Бишкекте көп кабаттуу үйдө кооптуу жерде турган 3 жана 5 жаштагы кыз куткарылды

07.06.2022 15:38
506
Бишкекте көп кабаттуу үйдө кооптуу жерде турган 3 жана 5 жаштагы кыз куткарылды

Бүгүн, 7-июнда Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдө кооптуу жерде турган 3 жана 5 жаштагы кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин районунун Т.Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатында, терезеде 3 жана 5 жаштагы 2 кичинекей кыз ойнөп, көзөмөлсүз жана кооптуу тургандыгы тууралуу маалымат ӨКМнин 112 кызматына түшкөн. 


Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу ыкчам түрдө

жерине жетип, наристелерди алып түшүү аракетин көрүшкөн.


Тартылган куткаруучулар 9-кабаттан 5-кабатка атайын альпинисттик шаймандын жардамы менен 2 кызды куткарып калышты. 


Алар ИИМ кызматына өткөрүлүп берилген. 

Белгилей кетсек, кичинекей кыздар ата-эненин көзөмөлүсүз калган. 





Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн