Баш оона 25, 2025
Убакыт: 03:53
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Бишкекте көпүрөдөн бир адам кулап кеткен

15.04.2021 10:05
825
Бишкекте көпүрөдөн бир адам кулап кеткен

Бишкекте бир адам көпүрөдөн кулап кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Түнкүсүн, куткаруу кызматына күбөлөр А.Токомбаев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөдөн каналга түшүп кетти деп билдиришкен.


Окуя болгон жерге келген куткаруучулар адамды чыгарып, тез жардам тобуна өткөрүп беришкен. Куткаруу иштерине 5 адамдан турган куткаруучулар тобу тартылган.


Алдын ала маалыматтар боюнча, эркек башынан жаракат алган. Жабырлануучу азиат улутундагы 40-45 жаштардагы адам, өздүгү тактала элек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн