Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 04:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте стоматологиялык клиникада үч жашар кыз каза болду

Бишкекте стоматологиялык клиникада үч жашар кыз каза болду


Бишкекте стоматологиялык клиникада үч жашар кыз каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, аталган окуянын чоо-жайын иликтей турган атайын комиссия түзүлдү. Аны министрдин кеңешчиси жетектейт.

Ал эми кичинекей кыздын өлүмү катталган клиниканын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган.

Бул ишти саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жеке көзөмөлүнө алды.

"Ошондой эле, тиешелүү укук коргоо органдарынан кайрылуу келип түшкөндүгүн, ага ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн компетенттүү тиешелүү адистер берилээрин маалымдайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн