Аяк оона 22, 2025
Убакыт: 15:47
USD
87.30
87.80
EUR
102.10
103.10
RUB
1.040
1.075

Бишкекте жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы сынактары өтүүдө

22.09.2025 14:15
13
Бишкекте жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы сынактары өтүүдө


22-24-сентябрда Бишкек шаарында "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык сынактары өткөрүлөт.


Агартуу министрлигинен билдиришкендей, сынактын максаты – педагогикалык чөйрөдө алдынкы идеяларды жайылтуу, заманбап окутуу технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу тажрыйбаларды көрсөтө алган таланттуу жана чыгармачыл педагогдорду колдоо.


Конкурстун республикалык этабынын ачылышы бүгүн Бишкек шаарындагы №67 мектепте өттү. Ага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, сөз сүйлөдү. 


"Мен бул иш-чарага абдан толкундануу менен катышып жатам, анткени 1996-жылы өзүм да "Жылдын мыкты мугалими" болгом. Мугалимдин түйшүгүн жакшы билем. Ал кезде техникалык каражаттар жетишсиз болчу: жазганга бор, окутканга китеп жок эле. Бирок, биз балдарга билим берүүгө дилгир элек. Азыркы мугалимдер технологиялык жактан өтө күчтүү. Бирок, кайсы убакта жана кандай шартта болбосун, мугалимдин башкы кредосу дайыма балдарга билим берүү болушу керек”, – деди министр.


Сөзүн жыйынтыктап жатып, министр бардык катышуучуларга ийгилик каалады. 


Белгилей кетсек, иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №703 токтомуна ылайык уюштурулуп, облустук жана шаардык этаптардын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган 112 мугалим, 26 тарбиячы 4 категория боюнча күч сынашууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн