Кулжа 18, 2025
Убакыт: 15:27
USD
87.30
87.80
EUR
100.00
101.00
RUB
1.100
1.140

Бишкектеги Республикалык күйүк борбору жаңыланат

18.06.2025 10:31
20
Бишкектеги Республикалык күйүк борбору жаңыланат


Бишкектеги Республикалык күйүк борборунун имараты капиталдык оңдоодон өтүп, заманбап жабдуулар сатып алынат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Шаардык тез жардам клиникалык ооруканасынын базасында иштеп жаткан Республикалык күйүк борборуна барган учурда белгилүү болду.


Минкаб башчысы бейтаптардын жашоо шарттары, мекеменин материалдык-техникалык жабдылышы менен таанышып, медициналык персонал менен баарлашты. Текшерүүнүн жүрүшүндө борбор учурда модернизациялоого муктаж экендиги аныкталды: палаталар оорулуулар үчүн тийиштүү деңгээлдеги ыңгайлуулукту камсыз кылбайт, ал эми медициналык жабдуулар жана медициналык багыттагы буюмдар эскирип, заманбап талаптарга жооп бербейт. 


Мекеменин абалы менен таанышкандан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы мекеменин материалдык-техникалык базасын тез арада жаңылоо зарылдыгын өзгөчө белгиледи. «Борбордогу жабдуулар, түз айтканда, революцияга чейинки. Ал моралдык жана физикалык жактан эскирген жана толугу менен алмаштырууга тийиш», — деди Адылбек Касымалиев.


Белгиленген көйгөйлөрдү ыкчам чечүү максатында Министрлер кабинетинин башчысы Саламаттык сактоо министрлигине, Финансы министрлигине жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине имаратты капиталдык оңдоо жана заманбап жабдууларды сатып алуу үчүн зарыл болгон деталдуу финансылык-экономикалык эсептөөлөрдү кыска мөөнөттө даярдоону жана берүүнү тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн