Бугу 07, 2025
Убакыт: 10:57
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Бишкектин мэри элчи Чарльз Гаррет менен жолугушту. Алар эмнени талкуулашты?

09.09.2020 14:30
1082
Бишкектин мэри элчи Чарльз Гаррет менен жолугушту. Алар эмнени талкуулашты?


Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, мэр элчиге пандемия учурунда кыргызстандыктарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. 


Эки тарап экология, цифровизация, инфроструктуралык долбоорлорго инвестициялар боюнча кызматташуу маселесин талкуулашты. 


Элчи Ч.Гаррет быйыл шаардын экологиясына өзгөчө маани берилип жатканын байкаганын айтты. Мэрия бир жыл ичинде жаңы 6 сейил бактарын, тротуарларды, инклюзивдик балдар аянтчасын куруп жатканын белгиледи. Ошондой эле, ал шаардык кызматтардын кызматкерлеринин дараметин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн