2025-жылы Кыргызстанда техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлердин, жарандык персонал жана жалдоо шартында иштеген адамдардын айлыгы этап-этабы менен көтөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды 1-май — Эмгекчилердин күнүнө карата куттуктоосунда билдирди.
Өкмөт башчы эмгек акыны түзүүнүн бирдиктүү моделине өтүү иштери 2026-жылы аяктай турганын кошумчалады. Ал ошондой эле Кыргызстандын экономикасы соңку жылдары туруктуу өсүп жатканына токтолгон.
"2024-жылга карата ИДП 1,5 триллион сомдон ашты, үч жылдын ичинде киши башына ички дүң продукт эки эседен ашык өстү. Орточо эмгек акы да туруктуу өсүүдө, 2024-жылдын аягында ал 429 долларга жетип, социалдык-экономикалык прогресстин маанилүү көрсөткүчү болду", — деди Касымалиев.
Жумуш орундарын камсыз кылуу, эмгекчилердин укугун коргоо, жакшы шарттарды түзүп берүү учурда өкмөттүн негизги максаттарынын бири экени белгиленди. Өкмөт башчы өлкө бийлиги ар бир кыргызстандык өзүнө жана жакындарына татыктуу жашоону камсыз кылгандай жумуш шарттарын түзүүгө умтулуп жатканын кошумчалады.
Касымалиев куттуктоо сөзүндө май майрамдарында үй-бүлөгө, досторго жакшы көңүл бөлүп, жашаган жердин айланасын тазалоого чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн