Теке 15, 2025
Убакыт: 18:58
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.116
1.135

Бийликтин ишениминен кеткен кадрлар иштен алынат

15.07.2025 11:26
21
Бийликтин ишениминен кеткен кадрлар иштен алынат


Бийликтин ишениминен кеткен кадрлар иштен алынат. Тиешелүү мыйзамга Садыр Жапаров кол койгон. 


Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, кызматчы өзүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаса же саясий жетекчиликтин ишенимин жоготсо, ал кызматынан бошотулушу мүмкүн. Ошондой эле өзгөчө тартипте дайындалган кызматчылар саясий жетекчиликке шайкеш келбеген учурда иштен алынат. 


Мындан сырткары, мыйзамга башка да бир катар маанилүү өзгөртүүлөр киргизилди. Атап айтканда:

- кызматчылардын санариптик сабаттуулугуна талап коюлат; 

- улук жана жогорку кызматтарга жогорку билим милдеттүү болот; 

- айрым кызмат орундарына конкурстан тышкары дайындоо мүмкүнчүлүгү пайда болот; 

- тартиптик жаза берүүдө кызматчыдан жазуу жүзүндө түшүндүрмө талап кылынат. 


Мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирери кошумчаланган. 


Буга чейин Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик ишенимден чыгып иштен кеткендер чечимге даттанбай турганын сунуш кылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн