Бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаарында «Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты ар тараптуу өнүктүрүү үчүн натыйжалуу чечимдер» аттуу III Парламенттер аралык форуму өтөт.
Иш-чарага Борбордук Азия мамлекеттеринин парламент төрагаларынын катышуусу күтүлүүдө.
Форумдун негизги максаты – Борбордук Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо, туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо, миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү.
III Парламенттер аралык форумдун жүрүшүндө төмөнкү темалар талкууланат: «Миграция жана эмгек агымдары: жарандардын укуктарын мыйзамдык жактан камсыздоо жана экономиканын туруктуулугу», «Инвестициялык климатты жакшыртуу жана Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасынын ачыктыгын жогорулатуу боюнча мыйзам чыгаруу чаралары», «Парламенттер жана санариптик суверенитет: киберкоопсуздук, санариптик чөйрөнү укуктук жөнгө салуу».
Белгилей кетсек, буга чейинки форумдар 2023-жылы Казакстанда, ал эми 2024-жылы Өзбекстанда өткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн