Тогуздун айы 30, 2025
Убакыт: 22:11
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.085
1.125

Чехияда эми көмүр жагылбайт

07.12.2020 11:26
979
Чехияда эми көмүр жагылбайт


Чехия өлкөсү 2038-жылга чейин көмүрдөн толугу менен баш тартууну пландап жатат. Бул тууралуу Чехиянын Өнөр жай жана соода министри Карел Гавличек билдирди.


Көмүр комиссиясы өкмөткө баш тартуу үчүн сунуштай турган жыл – 2038-жыл. Бул Чехияда жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү үчүн көмүрдү пайдаланууну басаңдатууга реалдуу мөөнөт", - деди Гавличек.


Эгер өкмөт мындай планды жактырса, 2038-жылдан баштап өлкөдөгү бардык көмүр менен иштөөчү электр станциялары токтойт. Министрдин айтымында, бул 2050-жылга чейин CO2 бөлүп чыгарууну 138 миллион тоннага кыскартат.


Ошондой эле 2050-жылга чейин Чехия жаңы энергия булактарына болжол менен 16 миллиард доллар инвестиция салууну пландаштырууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн