Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 00:35
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Чек арачыларыбызга эл аралык уюмдар жогору баа беришти

27.05.2023 17:50
7193
Чек арачыларыбызга эл аралык уюмдар жогору баа беришти

Кадырлуу чек ара кызматынын ардагерлери!
Урматтуу УКМК чек ара кызматынын офицерлери, прапорщиктери, сержанттары жана жоокерлери!

Сиздерди жана үй-бүлөңүздөрдү 28-май чек арачынын күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Азыркы кырдаал, доор турбуленттүү, өтмө маал десем туура болот. Ушундай кырдаалда мамлекеттик чек араны кайтаруу жеңил кызмат эмес, бирок, өтө абройлуу жана өтө жоопкерчиликтүү милдет. 

Акыркы эки жыл ичинде чек арачыларыбыз Мамлекеттик чек арадагы куралдуу кагылышууда эл-жерибиздин бүтүндүгүн, кол тийбестигин ар намыстуулук менен коргошуп, өзүнүн кесипкөйлүгүн жана туруктуулугун көрсөтө алышты. Буга коомчулук күбө. Эл аралык уюмдар кыргыз чек арачыларынын күжүрмөн даярдыгына жана туруктуулугуна баа берип, мыйзам чегинде гана курал колдонгонун баса белгилешти.

Тилекке каршы, кандай гана аскердик кагылышуу болбосун, сөзсүз түрдө оор жоготуулар кездешет. Буга кошуна тараптан жасалган аскердик агрессияда толук күбө. Анда 94 адам мерт кетти, анын ичинен 45и аскер адамы. Албетте, баары баатырларча курман болушту! Мекен чегин коргойбуз деген антында бекем турушту. Эгемен Кыргызстандын тарыхында бул баатырларыбыз алтын тамгалар менен жазыла турган из калтырып, каармандыктын бийик үлгүсүн көрсөтүштү. Булардын баардыгынын рухуна башымды ийип таазим кылам! Биздин баатырлар бөөдө өмүрүн кыйышкан жок. Мекен чеги – жанынан, керт башынан да жогору тураарын далилдеп беришти.

Тарых тараза. Баатырлар ар дайым эстутумда болуусу шарт.

Мамлекеттик чек араны көздүн карегиндей кайтаруу – жеңил эмес, бирок, сыймыктуу да, ардактуу да кесип. Жүрөгүндө жалы бар инсан гана мамлекети үчүн чын дилден кызмат өтөп, шейит кеткенге даяр. Азыр заман чакырыгы, коркунучу дал ушунда турат. Мындан коркпогула, бекем тургула! Ар дайым ар түрдүү кырдаалга даяр туруу – учур жана мезгил талабы.


Сиздердин мындай сыноо түшкөн маалда кызмат өтөп жатканыңыздарды карапайым калк жакшы түшүнөт. Силерге ишенишет. Мен да ишенем. Өтөгөн кызматыңыздардын акыбети кайтсын, күжүрмөн даярдыктан жазбай, Мамлекеттик чек арабызды “Карегимде – Мекен чеги!”,- деген урааныңыздар менен шайкеш келтире кайтара аласыздар деген чоң ишенич бар. 

Учурдан пайдаланып, кесиптик майрамыңыздар – Чек арачы күнү менен чын ыкластан куттуктайм. Силерге чың ден соолук, кажыбас кайрат жана бекем рух каалайм. Майрамыңыздар майрамга улансын!
 
Силерге жакшылык каалап, амандык тилеген 

Райымберди ДҮЙШӨНБИЕВ, генерал-майор, КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын мурдагы жетекчиси.

Пикирлер (5)

Коопсуздук коду
КАЖ
Урматуу Раимберди Сейдакматович! Бүгүнкү Кыргыз Республикасынын чек арачылар кесиптик майрамы менен Сизди чын жүрөктөн куттуктайм! Ар дайым бар болуңуз! Сизге чын ден-соолук, узун өмүр, асердик бакыт. Сиз КЫРГЫЗ элинин чыгаан инсаны, Биз, сиз менен сыймыктанабыз!!! Терен урматтоо менен!
Уланбек
Сиздин да майрамыныз менен жолдош генерал ден соолугунуз бекем болсун ишинизге ийгилик
Улан
Эн татыктуу генерал ишинизге ийгилик сиздин да үй бүлөлүү бакыт ден соолукта болунуз
Zami
Эн татыктуу генереал! Кесипкой, жонокой жана адилеттуу жетекчи. Мындай жетекчи дагы биздин башыбызга келеер бекен? Сиздинда майрамыныз менен!
Бакыт Каратаев
Рахмаат жолдош Генерал! Сиздин да майрамыңыз кут болсун,үй бүлөңүзгө тынчылык бекем ден соолук каалаймын.