Чек ара кызматынын аскер кызматчысы жана чет мамлекеттин жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан 17-сентябрда Чек ара кызматынын аскер кызматчысы И.Т.М. "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", ал эми чет мамлекеттин жараны F.B. "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө F.B. аттуу чет элдик жаран И.Т.М.нын жардамы менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын уруксат документтери жок мыйзамсыз кесип өткөндүгү аныкталган. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда УКМК чет өлкөлүк жарандын Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз киришине тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн