Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 18:17
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Чыңгыз Эсенгул уулу Ош облусундагы бир катар мекемелерди текшерди

21.02.2023 13:22
2305
Чыңгыз Эсенгул уулу Ош облусундагы бир катар мекемелерди текшерди

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар мекемелерди чыдырып чыкты.


Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, министрдин орун басары алгач Араван районундагы Адыш Исмаилов атындагы маданият үйүнө барды.


Анда жаңы оңдоп-түзөөдөн өткөн мекеменин ички жана тышкы жасалгалары менен таанышып чыкты. Аталган имараттын ремонтуна мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2022-жылы 1 млн 56 миң сом каражат бөлүнгөн.


Ошондой эле, Чынгыз Эсенгул уулу кыдыруунун жүрүшүндө аталган маданият үйүнүн айланасында мыйзамсыз курулуш жүрүп жатканына күбө болуп, мындай аракеттерди жоюу максатында министрликтин жетекчилиги тиешелүү тараптар менен иш алып бара тургандыгын билдирди. Таанышуу учурунда бул мыйзамсыз курулуш иши Жогорку сотко өткөндүгү маалым болду.


Мындан сырткары, Чыңгыз Эсенгул уулу маданият мекемелеринин жетекчилерине алдыда боло турган аттестация тууралуу айтып, ага тиешелүү даярдыктарды көрүүнү, ошондой эле 17-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн коллегияда маданият кызматкерлерине болгон мамлекеттик колдоо дагы жакшыраарын, аны менен бирге эффективдүү жана сапаттуу иш алып баруу тапшырмасы берилгендигин баса белгиледи.


Андан соң, Чынгыз Эсенгул уулу “Ынтымак” аймактык телерадиокомпаниясынын ишмердүүлүгүнөн кабар алып, анда телеканалдын көйгөй, жетишкендиктери ортого салынды. Министрдин орун басары кызматкерлердин суроолоруна жеринен жооп берип, аймактык телеканалдардын арасынан алгачкылардан болуп Ютубдун “Күмүш баскычын” алган канал экендигин баса белгилеп, мындан ары да бир топ жаңыча контент, долбоорлор менен иштөөгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн