Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 17:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Чолпон-Атада өткөн "Мейкин Азия" фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы жеңип алды

21.08.2023 11:32
2058
Чолпон-Атада өткөн "Мейкин Азия" фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы жеңип алды


Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн “Мейкин Азия” III эл аралык фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы Айна Калмаганбетова жеңип алды.

Сыйлыкты министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды.

Айна Калмаганбетова баш байге катары 5 миң доллар акчалай сыйлык, “Мейкин Азия” фестивалынын атайын статуэткасы жана диплом менен сыйланды.

Биринчи орунду Руслан Асанкан (Кыргызстан, 3 миң доллар), Бегюм Текакпынар (Түндүк Кипр, 3 миң доллар), экинчи орунду Сарвиноз Камалова (Өзбекстан, 1,5 миң доллар) жана Надо Талевска (Түндүк Македония, 1,5 миң доллар), ал эми үчүнчү орунду Адильхан Макин (Казакстан, 1 миң доллар) жана Касиет Идрисова (Кыргызстан, 1 миң доллар) алды.

Андан тышкары, Түркиялык ырчы Жевхер Аксой фестивалдын атайын сыйлыгы менен сыйланды.

Бүгүн фестивалдын жыйынтыктоочу күнү өтүп, ал “ТРТ Аваз" каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, популярдуу музыка аткаруучулардын "Мейкин Азия" III эл аралык фестивалы 18-августта старт алган.

Фестивалдын алкагында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия, Түркия, Түндүк Кипр, Босния жана Герцоговина, Россия, Болгария, Түндүк Македония, Словения жана Сербия мамлекеттеринен келген 18 жаштан 35 жашка чейинки таланттуу жаш эстрада ырчыларынын конкурсу өттү.

Жалпысынан сынакка дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн 17 талант катышты.

Мындан тышкары, ата мекендик жана чет элдик белгилүү аткаруучулар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн