Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чүйдө жыл башынан бери 268 орто жана чакан бизнес субъектилери ачылган

14.12.2023 10:15
573
Чүйдө жыл башынан бери 268 орто жана чакан бизнес субъектилери ачылган


Чүй облусунда 2023-жылдын 10 айында 268 орто жана чакан бизнес субъектилери ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган ишканаларда жалпысынан 2 миң 849 жумушчу орун түзүлгөн.

Мындан сырткары, 2023-жылы облуста бир нече ири ишканалар ишке киргизилип, азыр ийгиликтуүү иштеп жатышат. Анын ичинде "Аtalyk group" жабык акционердик коому тарабынан "Аталык жем" курама тоют заводу данды жана үрөндү сактоочу кампасы менен кошо ишке берилди.

Мындан тышкары, "Еврошпалы" темир жол шпалдарын чыгаруучу ишкана, "Салих Aqua" атындагы балыкка жем чыгаруу ишканасы, "Агро кейджи" ЖАК тарабынан кап жана жип чыгаруу боюнча заводу, "Кыргызпродуктборбор" ЖЧКсынын соода-логистикалык борборунун базасында Кыргызстанда биринчи жолу жашылча-жемиштерди дароо тоңдуруу заводу, "Ийгиликтүү чарба" ЖЧКсынын колбаса жана нан азыктарын чыгаруучу жаңы цехи ишке киргизилип, "Жар птица" дыйкан чарбасы тоок ферма ачып, жумуртка өндүрүүнү баштаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн