Теке 03, 2025
Убакыт: 07:00
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.110
1.135

Баардык жаман ооруларга эки дары бар: бири – мезгил, экинчиси – унчукпоо

02.07.2025 15:33
41
Баардык жаман ооруларга эки дары бар: бири – мезгил, экинчиси – унчукпоо


Баарына белгилүү да, акчага туфли сатып алсаң болот, бирок бакытты сатып ала албайсың. Тамакты сатып алсаң болот, бирок иштейди сатып алалбайсың. Жуурканды сатып алсаң болот, бирок уйкуну сатып алабайсың. Дарыны сатып алсаң болот, бирок ден соолукту сатып алалбайсың. Кызматкерди сатып алсаң болот, бирок досту сатып алалбайсың. Көңүл ачууну сатып алсаң болот, бирок кубанычты сатып алалбайсың. Мугалимди сатып алсаң болот, бирок акылды сатып алалбайсың.

(Сократ)


Дары сенин өзүңдө, бирок сен аны сезбейсиң, оору сенин өзүңдөн, бирок сен аны көрбөйсүң. “Мен бир кичинекей денемин” деп ойлойсуң, бирок сенде эбегейсиз бир дүйнө жатат.

(Али ибн Абу Талиб) 


Токтоо, момун, айкөл болгон – бул деле дары.

(Лао –Цзы)


Эң жакшы дары – бул дарыны ичпей коюу.

(Гиппократ) 


Сөз деле дары сыяктуу. Аз болсо айыктырат, көп болсо өлтүрөт.

(Али ибн Абу Талиб) 


Баары – уу, баары – дары; экөөнүн кайсы бири болушу анын өлчөмүнө байланыштуу.

(Парацельс) 


Сенин тамагың дары, дарың болсо тамак болууга тийиш.

(Гиппократ) 


Эң жакшы дары – көңүлүң көтөрүңкү жүрүү.

(Парацельс) 


Сүйүүнүн дарысы – нике.

(Антисфен)


Дайыма күлүп жүргүлө – бул эң арзан дары.

(Джордж Гордон Байрон) 


Дарылардын эң пайдалуусу – жакшы аял...

(Кин Хаббард)


Ачкалык – эң мыкты дары. 

(Александр Васильевич Суворов)


Сын – чабал кишилер үчүн уу, күчтүү кишилер үчүн дары.

(Константин Семёнович Мелихан) 


Жараланган жүрөккө жакшы сөз дары.

(Григорий Назианзин)


Кээ бир дарылар оорунун өзүнө караганда да коркунучтуу.

(Улук Сенека)


Көп кишилер оорудан эмес, дарыдан өлүшөт.

(Мольер) 


Суук тийгенге жана сүйүүгө дары жок. Алар өздөрү айыгат.

(Янина Ипохорская)


Аптекада баардык ооруга дары бар, бирок алар аптекачыга гана жардам берет.

(Геннадий МОСКВИН)


Дарыны көргөндө эле айыгып кетчү кишилер бар.

(Мишель де Монтень) 


Ушак менен айыңга дары жок.

(Аристофан) 


Эгер адам тамашалашканды билсе, анын жашоосу жөнөкөй жана жакшы боло түшөт.

(Йен Сомерхолдер) 


Мен сага дары, сен мага оору болдуң. Мен сени куткардым, сен болсо мени өлтүрдүң.

(Анна Тодд)


Пенсионерлер ооруга караганда да дарынын баасынан көбүрөөк жабыр тартышат.

(Геннадий МОСКВИН)


Жаз – кышкы депрессияга эң жакшы дары.

(Петр Квятковский)


Уу деле дары болот.

(Япон накылы)


Сүйүүгө дары көп, бирок алардын бири да ишеничтүү эмес.

(Франсуа де Ларошфуко) 


Эң жакшы дары – бул ачуу дары.

(“Наруто”)


Баардык жаман ооруларга эки дары бар: бири – мезгил, экинчиси – унчукпоо.

(Француз накылы)


Дарыны ооруп айыккандан сураш керек.

(Грузин накылы)


Уу менен дары – экөө бир эле нерсе, кеп пропорцияда.

(Элис Сиболд)


Ташбоордук ачуу дары катары кээде айыктырышы мүмкүн, бирок боорукерлик гана куткара алат.

(Валентин Рычков)


Дене көгөргөндө бал эмес, йод сыйпаш керек.

(Михаил Веллер)


Баардык оорулардын башкы дарысы – токтоолук жана тазалык.

(Лев Копелев)


Сен эң мыкты дарысың. Антидепрессанттын ордуна сени жазып бериш керек.

(Сесилия Ахерн)


Жакшы дарынын даамы ачуу болот.

(Япон накылы)


Мамат Сабыров 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн