Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 07:06
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Дайырбек Орунбеков: Садыр Жапаровдун мурдагы президенттерди жоопкерчиликтен бошотуу ниети жок

20.02.2023 14:38
7866
Дайырбек Орунбеков: Садыр Жапаровдун мурдагы президенттерди жоопкерчиликтен бошотуу ниети жок



Президент Садыр Жапаров экс-президенттер менен болгон жолугушуусу тууралуу жазган билдирүүсүнөн кийин, социалдык тармакта талкуулар жаралды. Мындай күтүүсүз кабар көпчүлүккө жагымдуу болду, кубануу менен талкуулап жатканын байкап жатабыз. Бирок, саналуу топ тарабынан талаш-тартыштар жаралып, негизсиз тыянак чыгаруулар орун алып жатканын көрүп жатабыз. 


Президент мурдагы эл башчылары менен эмне себептен бир тегерек столго чогулганын, негизги максатын өзүнүн билдирүүсүндө ачык айтты. Анда, мурдагы президенттердин кайсыл бирин мыйзам жоопкерчилигинен бошотуп, аларды өлкөгө кайтарып келүү жөнүндө сөз айтылган жок.


Тескерисинче эгемендик алган жылдардан бери саясий көз караштардын кагылышы, улуттун өзөгүнө олуттуу сокку уруп келе жаткан регионализм, трайбализм көйгөйлөрүн чечүү менен элдин ынтымагын бекемдөө - башкы максат болгону ачык айтылган. 


Муну менен Президент Садыр Жапаров өткөн кеткенге кылчайбай, мамлекет башчысы катары тарых алдында жана келечек муун алдында өз вазыйпасын аткарды. Мындан кыйкым издеп, президенттин элди ынтымака чакырган ниетин кайра тескери жакка буруп, ич ара бөлүнүп-жарылып, тирешти ого бетээр козутпайлы.


 Мамлекет башчынын жакшы ниетин колдогондун ордуна, кайра аркы же берки өйүз болуп, акыйнек айтышып отурганыбыздын өзү, тарыхы бай, айкөл эл катары, улут катары бизди кооздобойт.


Ооба, Кыргызстанды башкарып кеткен ар бир Президенттин жакшы да жактары, кемчиликтерди да болду. Баары мамлекет жана эл үчүн иштешти, аракет кылышты. Ошону менен катары каталарды да кетиришти. Ал эми азыр анын баары тарых. Ким кандай каталарды кетиргенин баарыбыз жакшы билебиз. Ошентсе да, “өткөн-кеткенге кылчактап, таарынычтарды ортого салып отура берсек келечек болбойт. Алдыга жылалы” – деген, жакшы ой Президент Садыр Жапаровдун саясаттагы негизги приоритеттүү багыты. 


Биз бир атадан тараган, бир мамлекеттин уул-кыздарыбыз, ич ара душмандашкандан баарыбызды Жараткан сактасын. Ал же бул саясатчынын тарапташымын дегендердин баарын сабырдуулука чакырабыз, ынтымак бололу. Бири-бириңиздердин көңүлдү оорутуп, кайым айтышууну улантпаңыздар, токтотуңуздар.


Дайырбек Орунбеков, Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн