Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 12:20
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде алтын медалга ээ болду

12.04.2024 10:47
618
Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде алтын медалга ээ болду


Денис Петрашов Сан-Антониодо (АКШ) өткөн 2024 TYR Pro Swim Series турниринде алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Суу спорту федерациясы социалдык тармактарда билдирди.


Кыргызстандык 100 метр аралыкты брасс ыкмасы менен 59,83 секундада сүзүп өттү. Ал финалда аралыкты 1 мүнөткө жетпеген убакытта басып өткөн жалгыз катышуучу болуп калды.


Экинчи орунду дүйнөнүн учурдагы чемпиону АКШлык Ник Финк (1 мүнөт 0,03 секунд) ээледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн