Бүгүн, 17-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев Айры-Там айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
Жергиликтүү тургундар эл өкүлүнө бир катар маселелер боюнча кайрылышкан:
- Ажек айылына суу сактагыч куруп берүү;
- Айры-Там-Ажек унаа жолуна жасалма дөңсөлөрдү орнотуу;
- Т.Балтагулов атындагы лицейге студенттерди авто унаа башкарууга үйрөтүү үчүн оор жүк ташуучу жана жеңил авто унаа алып берүү;
- Ошол эле лицейге автотренажер алып берүү;
- Лицейдин студенттерине авто унаа айдоо боюнча сынакты Ала-Бука районуна ачуу.
- Ажек айылындагы өрт өчүрүүчү ишканасынын штатын чечүү;
- Элдик дарыканаларды көбөйтүү;
- Ажек айылынын Жибек-Жолу көчөсүнө таза суу линиясын орнотуу;
- Ажек айылынын Жибек-Жолу көчөсүнө трансформатор алуу;
- Ажек-Совет-Сай айылдарын тутуштырган унаа өтүүчү жолду тегиздөө жана иретке келтирүү;
- Айры-там айылындагы насос менен берилген сугат суунун жерге сиңип кетүүсүн (потерясын) азайтуу жана жаңы насос алуу;
- Кара-Үңкүр айылындагы жаңы конушундагы тургундарга жаңы электр мамысын алуу.
- №20 Ажек жалпы билим берүүчү мектебине А.Кулуевдин ысымын ыйгаруу;
- Шекафтар айылындагы Шарапканадагы суу келүүчү трубаларды калыбына келтирүү;
- Жаңы-Шаар айылына 100 орундуу бала-бакча куруу;
- Чуст каналынан бөлүнүүчү сугат суунун көлөмүн 8 % көтөрүү;
- Ажек-Совет-Сай унаа жолун асфальттоо;
- Мунапыстын жүрүшүн көзөмөлгө алуу;
- Айыл чарба багытында инвесторлорду тартуу;
- Жаш үй-бүлөлөргө турак-жай салуу үчүн жердин трансформация ишин тездетүү;
- Ажек айылына 120 орундуу бала бакча куруу.
Депутат жогоруда көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирип, оң жагынан чечилүүсүнө аракет жасаларын айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн