Тогуздун айы 25, 2025
Убакыт: 06:03
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.065
1.105

Дүйнөгө белгилүү модельер Жорджио Армани көз жумду

05.09.2025 10:24
612
Дүйнөгө белгилүү модельер Жорджио Армани көз жумду


Италиялык легендарлуу дизайнер Жорджио Армани 91 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу РБК агенттиги билдирди. 


Армани 1934-жылы Италиянын Пьяченца шаарында төрөлгөн. Алгач медицина багытында билим алып, кийин мода дүйнөсүнө аралашкан. 1975-жылы Серджо Галеотти менен чогуу Giorgio Armani S.p.A. компаниясын негиздеп, өзүнүн алгачкы коллекциясын сунуштаган. Убакыттын өтүшү менен анын бренди кийимден тартып парфюмерияга, косметикага, үй буюмдарына чейин кеңейген.


Арманинин үйү Голливуд менен да кызматташып, анын кийимдери ири долбоорлорго колдонулуп келет. Компания учурда дүйнө боюнча 500дөн ашуун дүкөнгө, эки мейманканага жана ондогон ресторандарга ээ.


Модельер ошондой эле Италиянын “Олимпия Милан” баскетбол клубуна демөөрчүлүк кылып, улуттук курама командалар үчүн спорттук форма чыгарган. Forbes журналы анын байлыгын 12 млрд доллар деп баалаган. Арманинин мурастары анын эжесине жана үй-бүлө мүчөлөрүнө өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн