Жалал-Абад шаарында мечитке тийиштүү жерди мыйзамсыз менчиктештирип алууга шектелип, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Анда 2016-жылы "Соолихин" мечитинин мурдагы имамы Б.А.А, муфтияттын адиси Б.А.А жана Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы И.К.А менен жең ичинен макулдашып, коррупциялык схема уюштурушканы белгиленген.
"Мурда мечиттин унаа токтотуучу жайы катары колдонулуп келген 350 чарчы метр жер тилкеси менчикке мыйзамсыз чыгарылып, андан соң КМДБнын адиси Б.А.А. менчигине кайра каттоодон өткөрүп алганы аныкталды. Мында ачык сынак аркылуу сатып алуу уюштурулган эмес. Бул көрүнүш кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууну жана коррупциялык схеманы айгинелейт", — деп айтылган билдирүүдө.
Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында КМДБнын адиси атайын кызматтын тергөө абагына киргизилип, мечиттин мурдагы имамы жана мурдагы айыл өкмөт башчысы үй камагына алынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн