Бугу 04, 2025
Убакыт: 02:28
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Депутат Жумалиев Аксы элине 1 млн сомдук жардам көрсөттү

22.04.2020 09:29
1215
Депутат Жумалиев Аксы элине 1 млн сомдук жардам көрсөттү


Жогорку Кеңештин депутаты, академик Кубанычбек Жумалиев өлкөдө орун алган соңку кырдаалда калктын аялуу катмарына колдоо көрсөттү, деп маалымдады парламенттин басма сөз кызматы.


Депутаттын демилгеси менен Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын, Ак-Жол, Жаңы-Жол, Кара-Жыгач, Кара-Суу, Кызыл-Туу, Авлетим, Жерге-Тал айыл аймактарынын жана Таш-Көмүр шаарынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө кайрымдуулук иретинде 1 млн сомго 25 тонна ун, ошондой эле Авлетим жана Жаңы-Жол айылына 50 миң сомго 2 миң даана беткап таратылган.


Жардам алган элдин тобу депутатка ыраазычылык каттарын да жолдошууда. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн