Баш оона 04, 2025
Убакыт: 14:56
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.085
1.110

Дипломдордун санарип варианты "Түндүк" порталында жеткиликтүү болду

04.08.2025 11:07
12
Дипломдордун санарип варианты "Түндүк" порталында жеткиликтүү болду


"Түндүк" порталында дипломдордун санарип варианты жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. 


Кабарда алгачкы этапта системага быйыл берилген дипломдор тууралуу маалыматтар киргизилгени айтылат. 


"Эми мамлекеттик органдар жана кызыкдар уюмдар жарандардан кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрдү берүүнү талап кылбастан, берилген дипломдор тууралуу маалыматтарды электрондук форматта ыкчам ала алышат", — деп жазылган маалыматта. 


Санариптик дипломдорду киргизүү төмөнкүдөй артыкчылыктарды берет: 

- билим тууралуу маалыматтардын аныктыгын жана ачык-айкындыгын камсыз кылат; 

- квалификацияны ырастоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт; 

- кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү кыскартат; 

- документтерди жасалмалоо тобокелдигин азайтат. 


Ошондой эле буга чейинки дипломдорду Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги санариптештирери кошумчаланды. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн