Аяк оона 18, 2025
Убакыт: 12:10
USD
87.30
87.80
EUR
102.90
103.90
RUB
1.045
1.075

Дүйнө чемпионаты: Айпери Медет кызы күмүш байгеге татыды

18.09.2025 10:08
13
Дүйнө чемпионаты: Айпери Медет кызы күмүш байгеге татыды


Балбан Айпери Медет кызы Хорватиянын Загреб шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.


Ал 76 кг салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 1/8 финалдан баштаган. Алгачкы беттешинде Түркиянын 19 жаштагы (U-23) Европа чемпионун мөөнөтүнөн мурда жеңген.


Ал эми чейрек финалда АКШнын учурдагы Панамерика чемпиону менен килем үстүндө жолугуп, кармаштын аягына 10 секунд калганда жеңишке жетишкен.


Жарым финалда Медет кызы учурдагы Европа чемпиону - украиналык балбан менен беттешип, аны 10:5 эсебинде утуп, финалга жолдомо алган.


18-сентябрга караган түнү финалдык беттеште кыргызстандык балбан Эквадордон келген Генезис Росангела Валдез менен күч сынашып, 2:4 эсебинде утулуп калды.


Жыйынтыктыгында Айпери Медет кызы 2-орунду камсыздап, күмүш медаль тагынды.


Айпери Медет кызынын бул медалы дүйнө чемпионаттарындагы үчүнчү байгеси болду. 2021-жылы ал коло, 2023-жылы күмүш медаль алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн