Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Эмдөөдөн өткөндөргө 10 гигабайт интернет берилет

26.07.2021 11:08
5184
Эмдөөдөн өткөндөргө 10 гигабайт интернет берилет

Коронавирустун 3-толкунунун туу чокусу өттү.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.


Анын айтымында, азыр калкты эмдөөдөн өткөрүү керек.


"Азыр эмдөө иштерин тездетип  жатабыз. Сентябрь айында окуучуларды салттуу түрдө мектепке кайтып келишин каалайбыз.

Эмдөөдөн өткөндөргө  10 гигабайт интернет бонусу берилет. Кафе жана ресторандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эмдөөдөн өткөн зыяратчыларга жеңилдиктерди беришет. Тамак-аш тейлөө түйүндөрү мындай чараларга макул. Кантсе да, алар дагы кадимкидей иштегиси келет”, - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Жайчиев Акбарали
Мен вакцина алганмын 10 гегабайт интернетти качан бересиң.
Жаныбек
Кандай алабыз? Мен мисалы өткөм