Бугу 04, 2025
Убакыт: 03:34
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Эртеңден тарта Төө-Ашуудагы тоннель маал-маалы менен жабылат

18.05.2023 11:05
448
Эртеңден тарта Төө-Ашуудагы тоннель маал-маалы менен жабылат

Төө-Ашуудагы тоннель аркылуу унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет.


Төө-Ашуудагы К. Көлбаев атындагы тоннелдин электр чубалгылары алмаштырылып, дубалдарын актап, сырдоо иштери жүрөт.


Мындан улам 19-майдан тарта аталган тоннель аркылуу унаардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилип турат.


Ага ылайык, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, 14:00дон 16:00го чейин жол жабык болот.  


Аталган аймакта жол коопсуздугун ЖКККББнын инспекторлору көзөмөлдөйт. Мындай чектөөлөр 19-майдан тарта болжолдуу 28-июнга чейин киргизилет.


КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн