Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эсептөө палатасы БШКнын бюджеттик жана атайын каражаттардын пайдаланылышына аудит жүргүздү

18.12.2023 13:55
662
Эсептөө палатасы БШКнын бюджеттик жана атайын каражаттардын пайдаланылышына аудит жүргүздү


КР Эсептөө палатасы 2020-2022-жылдарга карата Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында бюджеттик жана атайын каражаттардын пайдаланылышына аудит жүргүздү.

Ведомстводон билдиришкендей, анын жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды:

- 2020-жылдын апрель айында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо чыгымдар сметалык эсеп боюнча 56,8 млн сомду түзсө, анын 27,7 млн ​​сому иш жүзүндө пайдаланылган.

- 2020-жылдын октябрь айында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 437,7 млн сом пландалып, 420 млн сому сарпталган.

- 2021-жылдын январында КР президентин кезексиз шайлоону өткөрүүдө чыгымдар сметалык эсеп боюнча 676,1 млн сомду түзүп, анын 464,1 млн сому сарпталган.

Белгилей кетсек, пайдаланылбай калган каражаттар республикалык бюджетке кайтарылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн