Бугу 14, 2024
Убакыт: 15:12
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Европадагы алгачкы гей президент. Эдгарс Ринкевич Латвиянын президенттик кызматына киришти

10.07.2023 15:31
1008
Европадагы алгачкы гей президент. Эдгарс Ринкевич Латвиянын президенттик кызматына киришти


Латвиянын мурдагы тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевич 8-июлда Сейманын салтанаттуу жыйынында Латвиянын президенти катары ант берди, деп билдирет Euronews.


«Менин бардык ишмердүүлүгүм Латвиянын элинин жыргалчылыгына арналат деп ант берем. Мен Латвия мамлекетинин жана анын элинин жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн колумдан келгендин баарын жасайм. Мен бардыгында адилеттүү болом жана өз милдетимди абийир менен аткарам», - деп белгиленет анты.


Белгилей кетсек, мурдагы тышкы иштер министри 31-майда президент болуп шайланган.


Ринкевич Евробиримдиктин ЛГБТ коомчулугуна тиешелүү экенин жарыялаган биринчи мамлекет башчысы.


Латвия парламенттик республика, анда премьер-министр президентке караганда бир топ ыйгарым укуктарга ээ.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн