Аяк оона 22, 2025
Убакыт: 14:22
USD
87.30
87.80
EUR
102.10
103.10
RUB
1.040
1.075

Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү оңдолду

22.09.2025 12:28
15
Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү оңдолду


Бишкектеги Фучик көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгүн оңдоп-түзөө иштери аяктады.


Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда жол кыймылы үчүн ачык.


Бул тилкеге эки катмар асфальт төшөлүп, бордюрлар толугу менен жаңыланды. «Вокко» ЖЧКсы жол белгилерин орнотуп, жол белгилерин түшүргөн.


Кийинки этапта Дэн Сяопин проспектисинен Аска-Таш конушуна  чейинки бөлүгүн оңдоо пландалууда.


Ошондой эле Дэн Сяопин проспектисинен Жибек жолу проспектисине чейинки бөлүгү убактылуу жабылат — батыш тарабында жол кыймылы чектелип, чыгыш тарабы эки тилкелүү болуп уюштурулат.


Эскерте кетсек, Фучик көчөсү акыркы жолу 2003-жылы оңдолгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн