Кулжа 16, 2025
Убакыт: 05:56
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Гарвард университети Трамптын администрациясын сотко берди

26.05.2025 16:33
510
Гарвард университети Трамптын администрациясын сотко берди


Гарвард университети Трамптын администрациясын чет элдик студенттерди окутууга тыюу салгандыгы үчүн сотко берди. Бул тууралуу The New York Times маалымат агенттиги кабарлады.


Маалыматка караганда, университет доо арызында федералдык өкмөттүн аракеттерин “мыйзамсыз” деп билдирген.


"Биз окуу жайдын жана өлкөнүн экономикасына салым кошкон 140тан ашык өлкөдөн келген чет элдик студенттерди жана окумуштууларды тосуп алуу мүмкүнчүлүгүн сактап калууга толук укуктуубуз",-деген университеттин жамааты.


Эске салсак, буга чейин 22-майда Улуттук коопсуздук департаментинин (DHS) башчысы Кристи Ноем Гарвард университетинин “Чет элдик студенттер менен алмашуу” программасын токтотууну буйруган.


Ал өз сөзүндө Гарвард "мыйзамды сактабагандыгы үчүн" SEVP сертификатын жоготкондугун жана анын токтотулушу "өлкөдөгү бардык университеттерге жана академиялык мекемелерге эскертүү болушу керек экендигин белгилеген.


Гарварддын маалыматына ылайык, чет элдик студенттер окуу жайдын студенттеринин 27,2%ын түзөт. 2025-2026 окуу жылы үчүн Гарвардда окуу акысы 59 320 долларды түзөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн