Теке 28, 2025
Убакыт: 19:59
USD
87.20
87.70
EUR
101.50
102.50
RUB
1.085
1.125

Гимндин жаңы вариантына музыка жаратуу боюнча сынак жарыяланды

28.07.2025 13:22
23
Гимндин жаңы вариантына музыка жаратуу боюнча сынак жарыяланды


Кыргызстанда гимндин жаңы редакциясына музыка жаратуу боюнча сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.


Буга чейин гимндин текстин жана музыкасын жаңылоого арналган ведомстволор аралык комиссиянын төртүнчү отуруму өткөн. Анда 16-июндан 17-июлга чейин келип түшкөн 132 сунуштун арасынан беш текст тандалып алынганы белгилүү болгон.


Ведомстводон маалымдашкандай, эми сынактын бул этабында ушул беш текстке ылайык, композиторлор, музыканттар жана ырчылар өз музыкалык варианттарын сунушташы керек.

Сынак 8-сентябрга чейин уланат.


Сунуштар Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 8 дареги боюнча Маданият министрлигине жөнөтүлүшү керек.


Комиссия мыкты деп табылган үч музыкалык-тексттик вариантты Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн