Кыргызстан инвестиция жана өнөктөштүк үчүн ачык жагымдуу жана туруктуу бизнес чөйрө түзүп жатат, - деп билдирди Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтондо Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Жакынкы Чыгыш, Борбор Азия жана Пакистан, Түркия, Афганистан боюнча аймактык вице-президенти Хела Шейхроуху менен жолугушуу учурунда.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы учурдагы IFC долбоорлорун жана альтернативдик энергетика, суу менен камсыздоо, кичи жана орто бизнес, инвестиция тармагында кызматташууну кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.
Хела Шейхроуху Кыргызстандын инвестициялык климатындагы оң өзгөрүүлөрдү белгилеп, Эл аралык каржы корпорациясынын энергиянын кайра жаралуучу булактары жана суу менен камсыздоо жаатындагы долбоорлорго 130 млн доллардан ашык инвестиция салууга даяр экендигин билдирди.
Адылбек Касымалиев Кыргызстандын экономикасы инвестицияга абдан кызыкдар экенин, ал эми жеке инвестициялар туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуунун негизги фактору экенин белгиледи.
“Бүгүн биз ишенимдүү түрдө айта алабыз, Кыргызстандын инвестиция жана өнөктөштүк үчүн ачык жагымдуу жана туруктуу бизнес чөйрө түзүлүп жатат. Биздин мамлекеттик саясаттын борборунда жеке секторду өнүктүрүү, мыйзамдуулукту бекемдөө, инвесторлорду коргоо жана бардык процесстерде ачык-айкындуулукту камсыз кылуу турат. Биз санариптештирүү, административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана инвесторлорду укуктук жактан коргоону күчөтүү боюнча активдүү иш алып баруудабыз”, – деди Адылбек Касымалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн