Теке 27, 2024
Убакыт: 10:52
USD
EUR
RUB

ИИМ: Токтогулда мыйзамсыз курал-жарак жана баңгизат сактоого шектелген жарандар кармалды

08.12.2023 14:48
489
ИИМ: Токтогулда мыйзамсыз курал-жарак жана баңгизат сактоого шектелген жарандар кармалды


Кечээ, 7-декабрда ИИМдин КИББдин, Жалал-Абад ОИИБдин жана Токтогул РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан ИИМдин Атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын күжүрмөн кызматкерлерин тартуу менен мыйзамсыз курал-жарак жана баңгизат сактоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка ылайык, Токтогул районунун аймагындагы мейманканалардын биринде 1995-жылы туулган М. Н., 1997-жылы туулган Б. уулу К., 1996-жылы туулган О. уулу И. жана Б. уулу Э. кармалган. Алардын баары мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турушат. Аларга өздүк кароо жүргүзүү учурунда үчөөсүнөн 10 ширеңке кутусуна салынган баңги каражаттары табылган.


Ошол эле күнү Токтогул районунда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан шектүүлөрдүн жашаган жерлерине, анын ичинде башка шектүүлөрдүн үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлгөн.  Натывжада, 1987-жылы туулган К.З. аттуу жарандын үйүнөн баңгизаттары табылган.  Ал эми Т. уулу Б. аттуу жарандын үйүнөн ок атуучу курал: кырк огу менен майда калибрдүү мылтык жана "ТОЗ-28" үлгүсүндөгү үч стволдуу мылтык табылган. Ок атуучу куралга уруксат берүүчү документтер болгон эмес.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн