Баш оона 22, 2025
Убакыт: 08:08
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Трамп, Зеленский жана Европа лидерлери Ак үйдө жолугушту

19.08.2025 10:17
457
Трамп, Зеленский жана Европа лидерлери Ак үйдө жолугушту


АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондо Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Европа өлкөлөрүнүн лидерлери менен жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.


Маалыматка караганда, жыйындар Украинадагы согушту токтотуу жана коопсуздук кепилдиктери темаларына арналды.


Ак үйдөгү жолугушуудан кийин Дональд Трамп социалдык тармактагы жеке баракчасына украин кризисин чечүүнүн кийинки кадамдарын белгилеген пост жарыялаган. 


Ал орус лидеринин Владимир Зеленский менен жолугушуусуна даярдык көрүү үчүн Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн ырастады.


Жолугушууда биз Америка Кошмо Штаттары менен макулдашуу боюнча ар кандай Европа өлкөлөрү тарабынан бериле турган Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкууладык.


“Россия менен Украинанын ортосунда тынчтык орногонуна баары абдан кубанычта. Жолугушуулардан кийин мен Путин менен президент Зеленскийдин жолугушуусуна даярдана баштадым”,-деген Дональд Трамп. 


Трамптын айтымында, андан кийин анын жана Россия менен Украинанын башчыларынын катышуусунда үч тараптуу жолугушуу болушу мүмкүн. 


Өз кезегинде Владимир Зеленский Ак үйдө Дональд Трамп жана Европа менен коопсуздук кепилдиктерин талкуулаганын белгилеп, кепилдиктерге байланыштуу АКШдан маанилүү сигналдарды алганын билдирген.


Мындай коопсуздук кепилдиктеринин чоо-жайы, Зеленскийдин айтымында, 10 күндүн ичинде иштелип чыгат.


“Булардын баары 7-10 күндүн ичинде кандайдыр бир жол менен кагаз жүзүндө таризделет”, - деген Зеленский. 


Анын айтымында, кепилдиктер үч негизги компоненттен турат: украин армиясын куралдандыруу, союздаштардын милдеттенмелери жана Украинанын аскердик-өнөр жай комплексин өнүктүрүү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн