Кыргыз улуттук илимдер академиясында имараттарды мыйзамсыз ижарага берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды.
Атайын кызматтан билдиришкендей, Илимдер академиясынын айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, баюу максатында ишкерлер менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, аларга мыйзамсыз бөлмөлөрдү берип, тиешелүү эсептик жоопкерчиликтерди айланып өтүп, ижара акысы үчүн өз алдынча акча алышкан.
Учурда бул мыйзам бузуулардын натыйжасында, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмдөрүн аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Андан тышкары, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Илимдер академиясынан өлкөнүн бардык аймагы боюнча 20га жакын объект жеке жана башка менчикке чыгарылгандыгы тууралуу маалыматтар алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн