Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 01:47
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ишкерлерди четке сүрүп, өзүнүн мал чарбасынан Кумтөргө эт жөнөткөн министрдин кылыгыбы?..

07.12.2023 12:02
1119
Ишкерлерди четке сүрүп, өзүнүн мал чарбасынан Кумтөргө эт жөнөткөн министрдин кылыгыбы?..


Башта Караколдун жергиликтүү ишкерлери Кумтөрдү эт менен камсыз кылышып, жакшынакай эле иштеп жатышкан. Анан эле айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков чоңдугуна салып, бул ырыскыны тартып алганын кабарлашты. Көрсө, өзүнүн мал чарбасы бар экен. “Кол ийрисине тартат” дегендей, жеке басарлыкка өтүп, байыш үчүн оңой оокатты жулуп алып, өзүнүн короосунан Кумтөргө эт жөнөттүрүп атканы кандай? Караколдук карапайым касапчылар нааразычылыктарын билдиришип, бизге чейин арызданышууда. Министр болгону аз келгенсип, эми элдин ырыскысын талашпай эле койбойбу? Аскарбек Жаныбековду жогорку төбөлдөр “такалап” турбаса, кызмат абалынан кыянаттык пайдаланып, кылгылыкты кыла береби? Ансыз да айыл чарбасын талкалап салып, дыйкандардын убалына калганы жан кейитип жатканда... 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн